Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Төрөбаев Киров суу сактагычына барып, сугат иштери менен таанышты

Киров суу сактагычынын негизги максаты – эгин талааларын сугат суу менен камсыздоо

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычына барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда министр учурдагы жайкы сугат мезгилине берилип жаткан суунун кирип-чыгып жаткан көлөмү менен таанышып, талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпай өз убагында тейлөө боюнча министрликке караштуу тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө министр Төрөбаев, суу маселеси дүйнө боюнча орчундуу көйгөйлөрдүн бирине айланганын белгилеп, Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатынын негизинде, министрликтеги эң орчундуу артыкчылыктуу багыт катары сууга өзгөчө басым жасалып жатканын билдирди.

Киров суу сактагычынын негизги максаты – эгин талааларын сугат суу менен камсыздоо. Суунун сыйымдуулугу 550,0 млн м3 түзүп, аны Кыргызстан менен Казакстан өлкөлөрү пайдаланат.

Киров суу сактагычынын жардамы менен 80 миң гектар жерди сугат суусу менен камсыздоо жогорулатылып, кошумча жаңы 40 миң гектар жер сугат суусу менен камсыз болгон.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх