Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин борборунда "Кыргыз милициясына 100 жыл" аллеясы ачылды

Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилигине аллеянын курулушуна көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди

Бишкек шаарынын борборунда "Кыргыз милициясына 100 жыл" аталышындагы алеясынын ачылышы өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти

Аталган аллея Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан 15 соток жер тилкесине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын демилгеси менен курулду.

Иш-чара Бишкек ШИИББдин башчысы Азамат Токтоналиевдин жана анын орун басарларынын, жетекчилик курамынын, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда өттү.

Азамат Токтоналиев өз сөзүндө аталган аллеяны борборубуздун эс алуучу жерлерин көбөйтүү максатында, өздүк курамдын күчү менен курулгандыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилигине аллеянын курулушуна көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, аллеянын курулуш иштери 2024-жылдын жаз мезгилинде башталып, иштин жүрүшүндө, отургучтар, кечки жарыктар орнотулуп, 100 түп бак-дарактар отургузулган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх