Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүйдүн Байтик айылында керамикалык кыш заводу ишке кирди

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 150 миң кышты түзүп, учурда 50дөн ашуун адам эмгектенет

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында "Байтик курулуш" аталышындагы керамикалык кыш заводунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 150 миң кышты түзүп, учурда 50дөн ашуун адам эмгектенет. Капиталдык салымдардын көлөмү 9 миллион АКШ долларды түзүп, өндүрүштүн жалпы аянты 8 000 чарчы метрди түзөт.

Иш-чарага Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков, Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев, Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх