«Дүйнөлүк рекорд: Кыргызстанда административдик-аймактык реформа эң тез жүргүзүлдү»
Макс Георг Майер социалдык тармактардагы баракчасына кыргызча жазып, өлкөнү түрө кыдырып, ак калпакты башынан түшүрбөй кыргызстандыктарга таанылган
Майер мырза - Германиянын Ханнс Зайдел фондунун Борбор Азия боюнча координатору өлкөдөгү аймактык реформалар туурасында маек курду.
Ондогон жылдар бою батыштын өнүккөн мамлекеттери муниципалдык аймактарын ирилештирүү (аймактык реформалар) аркылуу жергиликтүү бийлик органдарынын санын кыскартып келишет. Бул реформалар көбүнчө бириккен аймактарда каражат үнөмдөлөт (кызматкерлердин санынын азайышы, имараттардын азайышы, эксплуатациялык чыгымдардын төмөндөшү), жарандарга кызмат көрсөтүүдө администрациянын иши жакшырат жана жергиликтүү өнүгүү орун алат, өзгөчө чакан аймактар өсөт деген үмүт менен жүргүзүлүп келет. Сынчылар, экинчи жагынан, жарандардын коомдук иштерге жана саясий маселелерди чечүүгө катышуусу чоңураак аймактарда азайышы мүмкүн экенин белгилеп келишет.
Кээ бир учурларда батыш мамлекеттерине аймактык реформаларын толук ишке ашыруу үчүн 10 жылдан ашык убакыт керек болгон.
2024-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан аймактык реформасын бир жылдын ичинде бүтүрө алганын, айыл аймактардын саны 452ден 235ке чейин азайганын, муниципалдык кызматкердин саны 8696дан 4768ге чейин кыскаргандыгын жана эми жылына 4,8 миллиард сомдун ордуна 3 миллиард сом гана муниципалдык кызматкерлердин айлык акысына жумшалаарын билдирди.
Бирок дайыма жарыяланып келген Кыргызстандагы жергиликтүү деңгээлди бекемдөө ниети чындыгында эмне болду? Жогоруда белгиленген жыйынтык Кыргызстандагы реформанын максаты чыгашаларды азайтуу жана ага байланыштуу кадрларды кыскартуу болгондугундай таасир калтырат. Кыргызстандын айыл аймактарында жана шаарларында өтө көп муниципалдык кызматкерлер иштеген деп ойлосок да, алардын саны 45%га ашыкча болуп келгендигин элестете албайм. Аймактардагы жолугушуулар такыр башка таасир калтырып келген. Мен сүйлөшө алган айыл өкмөт башчылардын баары мамлекет айыл аймактарга көбүрөөк тапшырма өткөрүп берип келгендигин, бирок аны менен кошо жетиштүү каржысын камсыз кылбай келгендигин айтып нааразы болушчу. Буга байланыштуу аларда кадрлардын жетишсиздиги жөнүндө дайыма сөз болуп келген. Бул аралыкта жагдай түп-тамырынан бери өзгөрдү деп ойлобойм. Демек, бул аймактык реформа географиялык кайра уюштурууну жана муниципалдык кызматкерлерди аздыр-көптүр схемалык кыскартууну гана камтыгандай таасир калтырат. Ошол эле убакта муну менен бирге жүргүзүлчү функционалдык реформа дагы өтө зарыл экендигин белгилей кетүү керек.
Кыргызстандагы жергиликтүү деңгээлдеги (айыл аймактар, шаарлар, райондор жана облустар) мындай функционалдык реформа төмөнкүлөрдү камтышы зарыл:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун конституциялык жактан коргоо укугун толук ишке ашыруу;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди так аныктоо, аларды мамлекеттик милдеттерден айырмалоо, муниципалдык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну так айырмалоо;
- муниципалдык чөйрөдөгү ашыкча укуктук ченемдерди жоюу;
- маанилүү милдеттерди (мисалы: таза суу менен камсыздоо) коомдук уюмдардан муниципалдык башкарууга өткөрүп берүү;
- муниципалдык кадрларды башкарууну реформалоо, муниципалдык кадрларды даярдоону жана андан ары билимин өркүндөтүүнү жакшыртуу, алардын ишинин бирдиктүү стандарттарын аныктоо;
- муниципалдык администрацияларды жетиштүү деңгээлде эффективдүү кылуу – буга чейин администрациялар дагы андай эмес болчу;
- айыл аймактарын жана шаарларды өздөрү аныктай алган жана баарынан мурда жетиштүү киреше булактары менен камсыздоо аркылуу муниципалдык деңгээлди реалдуу каржылоо;
- мамлекеттик тапшырмаларды аткарууда тиешелүү мамлекеттик каржылоо;
- мамлекеттик бюджеттен жыл сайын өзгөрүп айыл аймактарга берилип туруучу мамлекеттик “жардамдан” көз карандылыкты жоюу;
- жарандар үчүн жергиликтүү маселелерди чечүүгө жетиштүү деңгээлде катышуу мүмкүнчүлүктөрүн түзгөн жеткиликтүү жана ачык-айкын башкаруу, ал ошондой эле географиялык мааниде да жарандарга жакын болушу керек;
- жарандар үчүн коррупцияга каршы жетиштүү чараларды жана эрежелерди камтыган укуктук кепилдик.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы 2024-жылдын 13-июнунда “Идеалдуу реформа кылуу кыйын, бир топ маселелер дагы да бар, биз бара-бара ишти түздөйбүз” деп белгилеген.
Мен бул пикирге кошулам. Министрлер Кабинети реформа ишин түздөөдө жогоруда белгиленген жол картасын колдонсо болот.
Урматтоо менен, Макс Георг Майер
Ханнс Зайдель Фондунун жетекчиси