Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдүн жээгинде парашют аттракционун иштетүүгө тыюу салынды

Ысык-Көлдүн эс алуу аймактарында кээ бир суу транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салуу каралууда

Ысык-Көл районунун аймагында, көл жээгинде парашют аттракционунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу маалымат жыйында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.

Министрдин орун басары белгилегендей, мындай чечим эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Анын айтымында, ошондой эле Ысык-Көлдүн эс алуу аймактарында кээ бир суу транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору эл өкүлү тарабынан демилгеленип, бүгүнкү күндө министрликтин сунушун эске алуу менен администрацияда каралууда.

"Туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында суу аттракциондорунун ишмердүүлүгүнө тыюу салууга кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылган учурлар себеп болууда", - деди министрдин орун басары.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх