Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ: Индияда жер көчкүдөн каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кыргызстандын Индиядагы элчилиги аталган өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта

Индиянын Керала штатында 143 адамдын өмүрүн алган жер көчкүдөн улам, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Белгиленгендей, Кыргызстандын Индиядагы элчилиги аталган өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта.

Элчиликтин ыкчам байланыш телефону иштейт, ал аркылуу Индияда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат: +91 9810304863,+91 9599921779.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх