Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жыл башынан бери 3772 контробандалык укук бузуулар жана кылмыштар катталды

Аныкталган кылмыш иштери боюнча 252 материалдар өткөрүлүп берилген. Алар боюнча мамлекеттик казынага 159,7 млн сом өлчөмүндө зыяндын орду толтурулду

Жыл башынан бери Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү боюнча бөлүмдөрү тарабынан жалпы көлөмү 741,8 сомдон ашык зыян аныкталып, бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 3 772 укук бузуулар жана кылмыштар катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, укук бузуулар боюнча ачылган 3 520 иштердин жыйынтыгы менен 26,4 млн сом айып пул өндүрүлгөн. Укук бузуу иштери жана алдын алуу иш-чараларынын алкагындагы өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 206 млн сомду түздү.

“Аныкталган кылмыш иштери боюнча 252 материалдар өткөрүлүп берилген. Алар боюнча мамлекеттик казынага 159,7 млн сом өлчөмүндө зыяндын орду толтурулду. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул сумма 56,4 млн сомго көп”, - деди ал.

Исабеков кошумчалагандай, медициналык жабдууларды мыйзамсыз алып келүүнүн 3 фактысы катталды. Мында 2 млн сомдон ашык зыян аныкталып 494 320 сом өндүрүлгөн. Дары-дармек каражаттарынын 8 фактысы боюнча 73 млн 922 миң сом зыян аныкталып, алар андан ары иликтөө жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх