Эмгек министрлиги: Жарым жыл ичинде 518 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды
Өтүнүчтү кароонун мөөнөтү 2 айды түзөт
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери Кыргызстандын аймагына 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүрүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Көчүрүлгөндөрдүн жалпы санынан 65 миң адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан.
Кайрылман макамын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык коргоо министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия берет. Өтүнүчтү кароонун мөөнөтү 2 айды түзөт.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Орусия, Түркия, Ооганстан жана башка өлкөлөрдөн келген 518 этникалык кыргыздар кайрылман макамын алышты.
Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар жөлөкпулдарды жана пенсияларды алууга, саламаттыкты сактоо, билим берүү, ишке орношууга укуктуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бирдей негизде Жер кодексине ылайык айыл чарба жерлерин мөөнөттүү пайдаланууга ала алышат.