ЖМК жана интернетте адамды кемсинтип, жалаа жапкандарды жазалоо сунушталууда
Соңку учурларда интернет-платформаларда жалган маалымат таратып, бирөөнү кемсинтүү көбөйгөнү белгиленди.
Мындан улам аларга айып салуу сунушталууда.Адамды кемсинтип, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргендерди жоопко тартуу каралууда. Министрлер кабинети демилгелеген тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү.
"Маалымат каражаттары, интернет-ресурстар аркылуу мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйүүдө. Бул коомдук адеп-ахлакка жана адамдардын ортосундагы мамилелерге коркунуч жаратат. Азыркы мыйзам боюнча, күнөөнү далилдөө татаал жана юридикалык ченемдердин ар кандай чечмеленишинен улам көптөр жазасыз калууда. Бул өз кезегинде чыр-чатактардын күчөшүнө, адамдар аралык мамилелердин начарлашына жана коомдук туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн", — деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде.
Мындан улам Укук бузуулар жөнүндө кодекси 1071-берене (ЖМК, интернет-сайтта же анын баракчасында камтылган жалаа жабуу жана мазактоо) менен толукталганы айтылат.
Ага ылайык:
ЖМКларда, интернет-сайттарда же соцтармактагы баракчаларда камтылган мазактоо, башкача айтканда, адамдын ар-намысын, кадыр-баркын адепсиз формада атайын кемсинтүү, жалаа жабуу, беделин түшүргөн жалган маалыматтарды билип туруп таратуу үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салуу сунушталууда;
Мыйзам долбоорунда ЖМК чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги) укук бузуулар жөнүндө иштерди карап, жаза чараларын көрөрү камтылган.