Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлиги: 8,5 миң үй-бүлө мамлекет менен соцконтракт түздү

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кичи бизнести өнүктүрүү үчүн 100 миң сомдон ала алышат

Өлкө боюнча жалпы 8 миң 500 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контракт түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аймактар боюнча бөлүштүргөндө, ал төмөнкүдөй:

• Баткен облусу – 585 үй-бүлө,
• Жалал-Абад облусу – 1915 үй-бүлө,
• Ысык-Көл облусу – 826 үй-бүлө,
• Нарын облусу – 820 үй-бүлө,
• Талас облусу – 915 үй-бүлө,
• Чүй облусу – 821 үй-бүлө,
• Бишкек шаары – 101 үй-бүлө,
• Ош облусу – 2422 үй-бүлө,
• Ош шаары – 95 үй-бүлө,

Министрликтен белгилешкендей, социалдык паспорту бар же «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кичи бизнести өнүктүрүү үчүн 100 миң сомдон ала алышат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх