Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жумушсуздук азаюуда

Учурда республика боюнча 81 миң 453 жумушсуз жаран министрликте каттоодо турат

Ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 17 миң 620 адамга азайган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча 81 миң 453 жумушсуз жаран министрликте каттоодо турат.

Жумушка орноштурууга кызматтарынын негизги милдеттеринин бири-жумушка орношууга көмөк көрсөтүү. Жыл башынан бери 6,3 миңден ашуун адам ишке орношуп, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 5,8 миң адам жөнөтүлгөн.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх