Кыргызстанда ЖОЖдорго тандоонун акыркы туру башталды
ЖОЖдорго I, II, III, IV турда жалпы 24 миң 797 абитуриент кабыл алынды
Кыргызстанда бүгүн, 12-августта 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун акыркы V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Каттоо автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 14-август саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, ЖОЖдорго I, II, III, IV турда жалпы 24 миң 797 абитуриент кабыл алынды.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз