Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун сел алган тилкелери калыбына келтирилүүдө
Ушул эле жолду айланып өтүүчү 32+702-чакырымынан баштап 4 жерден 500 метр ашык жолду сел жууп кеткен
Кечээ нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Балыкчы –Бөкөнбаев – Каракол автожолунун 25-71-чакырымдарында сел жүргөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Ушул эле жолду айланып өтүүчү 32+702-чакырымынан баштап 4 жерден 500 метр ашык жолду сел жууп кеткен.
Мындан тышкары, курулуп жаткан долбоордун 37+500-чакырымынан 37+800-чакырымына чейинки тилкелериндеги жол жээги селдин кесепетинен бузулган.
Учурда подрядчы "Кыргызжолкурулуш" ЖЧК тарабынан жогорудагы аймактарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз