Мунарбек Сейитбек уулу: Тарых жараттым деп, өтө сүйүнгөн жокмун
Париждеги Олимпиада 26-июлдан 11-августка чейин өттү
Париж Олимпиадасында күмүш медаль жеңген боксчу Мунарбек Сейитбек уулу УТРКга жеңиши тууралуу комментарий берди.
«Тарых жараттым деп өтө сүйүнгөн жокмун. Ийгиликке жеткеним үчүн Кудайга шүгүр. Бизге ишеним артып жөнөткөн ата-энеме, жакындарыма, президентке жана Камчыбек Кыдыршаевичке рахмат. Андан сырткары агайларыма, Беганас агай, Данияр агайга рахмат»,- деди ал.
Париждеги Олимпиада 26-июлдан 11-августка чейин өттү.
Париж Олимпиадасынын катышуучуларын унаалардын коштоосунда борбор калаадагы Т.Усубалиев атындагы аянтка алып барышты. Анда Кыргызстанга кайтып келген спортчуларды тосуп алуу салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз