Бишкекте жыл башынан бери 7 миң абонент көгүлтүр отко туташтырылды
1990 абонент – коммерциялык объекттер болсо, 127си өнөр жай объектилери, ал эми 4883ү турак үйлөр
Бишкек шаарында жыл башынан бери 7 миң абонент көгүлтүр отко туташтырылды. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен, 1990 абонент – коммерциялык объекттер болсо, 127си өнөр жай объектилери, ал эми 4883ү турак үйлөр.
Эскерте кетсек, Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууга “Элдик банк” жана “Айыл банк” тарабынан жеңилдетилген насыялар берилүүдө.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз