Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 7 айда эреже бузган жүк ташуучуларга 64,6 млн сом айып салынды

Жыйынтыгында бюджетке бардыгы 64 млн 657 миң 890 сом чегерилди

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан жыл башынан бери жүк жүктөгөн айдоочуларга 64,6 млн сом айып пул салынды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 7 айдын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 410 миң 336 унаа текшерилип, анын натыйжасында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 4 420 протокол түзүлдү.

Жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыңдуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 64 млн 657 миң 890 сом чегерилди. Бул көрсөткүч 2023-жылдын 7 айында 31 744 083 сомду түзгөн.

Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.

Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү элден акча чогултуу эмес экендигин, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгиледи.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх