Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмок шаарында милициянын жаңы бөлүмчөсү ишке берилди

Учурда бул шаардык милиция бөлүмчөсүнө 16 кызматкер бекитилип, жалпы саны 29 миңден ашык калкы бар 1-3-кичи районду тейлешмекчи

Кечээ Токмок шаарынын 1-кичи районунда шаардык милиция бөлүмчөсүнүн ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Чүй облустук милициясынын башчысы Каныбек Абдырахманов, Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев жана Токмок ШИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Адылбек Бийбосунов жаңы салынган шаардык милиция бөлүмчөсү жергиликтүү калк үчүн ишенимдүү таяныч болорун белгилеп, анда иштеген кызматкерлерге өз ишинде так жана жоопкерчиликтүү болууга чакырып, иштерине ийгиликтерди каалады.

Учурда бул шаардык милиция бөлүмчөсүнө 16 кызматкер бекитилип, жалпы саны 29 миңден ашык калкы бар 1-3-кичи районду тейлешмекчи.

Эске салсак, Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата аймактарда ар кандай иш-чаралар байма-бай уюштурулуп, облус менен райондордо милициянын бир катар имараттары жаңыланууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх