Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте унаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугу текшерилүүдө

Санкцияларды болтурбоо үчүн ашыкча түтүн чыккан авто транспортторду айдабоону эскертебиз

Бишкекте абаны жакшыртуу максатында унаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугун аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чара муниципалдык инспекциянын инспекторлору тарабынан Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча экотехкөзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, патрулдук милиция кызматы менен биргеликте өткөрүлдү.

Төрт унаадан зыяндуу түтүндүн деңгээли жогору экени аныкталды. Ченемден ашып кеткени үчүн 2 жеке жана 2 юридикалык тарапка Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 234-беренеси боюнча протоколдор түзүлгөн. Салынган айыптардын жалпы көлөмү 61 миң сомду түздү.

"Ошону менен бирге айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Санкцияларды болтурбоо үчүн ашыкча түтүн чыккан авто транспортторду айдабоону эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх