Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кочкор районунун Мантыш айылында социалдык шаарча ачылды

Аз камсыз үй-бүлөлөргө кам көрүү максатында социалдык шаарча куруу үчүн Мантыш айылынан 3 гектар жер аянты бөлүнүп берилген

Кечээ Кочкор районунун Мантыш айылында социалдык шаарча ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, шаарчада 30 үй-бүлө жашай турган турак үйлөр, мектеп, бала бакча, мечит, тигүү цехи, ашкана жана фельдшердик-акушердик пункт бар.

Турак үйлөрдүн ачкычтары аз камсыз үй-бүлөлөргө салтанаттуу түрдө тапшырылды. Социалдык шаарчанын ачылыш аземине президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри, район жетекчилиги жана айыл эли катышты.

Белгиленгендей, аз камсыз үй-бүлөлөргө кам көрүү максатында социалдык шаарча куруу үчүн Мантыш айылынан 3 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонду тарабынан 100 млн сом бөлүнүп, 2020-жылдын ноябрь айында шаарчанын курулушу башталган. Мындан сырткары Жогорку Кенештин резервдик фондунан 1 млн 184 миң сом берилип, социалдык шаарчадагы үйлөрдүн мештери орнотулган.

Энергетика министрлиги тарабынан цемент, карагай, электр чубалгылары жана электр эсептегичтер коюлду.

Ошондой эле социалдык шаарчанын сантехникалык жумуштарына жана үйлөрдүн тегерегине кум төгүп, түздөө үчүн Кочкор райондук өнүктүрүү фондунан 6 млн 800 миң сомго иштер жүргүзүлгөн. Социалдык шаарчадагы турак жайлардын, үйлөрдүн техпаспортторуна, айлана-тегерегин түздөө, ирээтке келтирүү, жашылдандыруу иштерине айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 2 млн сомду түздү.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх