Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эгемендүүлүк күнүн утурлай спорттун улуттук түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт

Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан уюштурулууда

28-31-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында спорттун улуттук түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештин алкагында көк бөрү, эр эңиш, салбуурун, ат оюндары, ат чабыш жана кыска аралыкка ат чабыш боюнча оюндар болот. Ага республиканын бардык аймагынан спортчулар катышат.

Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх