Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте турак жайын ижарага бергендердин маалымат базасы түзүлөт

Текшерүү шаардыктардын көп арыздануусунан жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында өткөрүлүүдө

Бишкекте турак жай аянтын ижарага бергендерди салыктык эсепке алуу боюнча рейддик иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Анын маалыматына ылайык, турак жай аянтын ижарага берүү үчүн патенттин баасы көп кабаттуу үйлөргө чарчы метри үчүн 30 сом, жеке үйлөргө 40 сомдон төлөнөт. Текшерүү шаардыктардын көп арыздануусунан жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында өткөрүлүүдө.

Свердлов районунун аймагында акимчиликтин кызматкерлери, райондук салык кызматынын инспекторлору менен биргеликте батир берүүчүлөрдүн маалымат базасын түзүп, бүгүнкү күндө көп кабаттуу үйлөрдө иш жүргүзүлүүдө.

Айыл чарба жерлеринен тышкары кыймылдуу мүлктөрдү жана кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлер жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын төлөйт.

Салык төлөөдөн качкан учурда жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх