Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды адам сатуунун курмандыгына кабылгандардын коопсуздугун күчөтүүгө чакырды

«Ал эми аялдар жана балдар кошумча же болбосо өзгөчө коргоого муктаж», - деп белгиледи Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды адам сатуунун курмандыгына кабылгандардын коопсуздугун күчөтүүгө чакырды.
Жаңы жагдайларды жана тенденцияларды эске алуу менен адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү зарыл.

«Зордук-зомбулукка кабылгандардын укуктарынын сакталышын камсыздоо үчүн мамлекеттик органдардын тыгыз иш алып баруусу өтө маанилүү. Алсак, сот адилеттигине жетүү, адилет соттук териштирүүнү жүргүзүү».

Акыйкатчы көпчүлүк учурларда, адам сатуунун курмандыгына калктын аярлуу катмары кабылып жатканын эске салды. Калктын аярлуу катмарынын укуктарын камсыз кылуу бүгүнкү күндө эң актуалдуу жана орчундуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.

Өзгөчө коркунучта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мигранттардын балдары, жетим балдар, жарым жетимдер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана кары-картаңдар.

Алар ошондой эле, кулчулукка, сексуалдык эксплуатацияга, мажбурлап иштөөгө жана башка оор турмуштук кырдаалдарга туш болушу мүмкүн. Укук коргоо органдары тарабынан мындай жүрөктү ооруткан фактыларга бөгөт коюлушу керек.

«Ал эми аялдар жана балдар кошумча же болбосо өзгөчө коргоого муктаж», - деп белгиледи Акыйкатчы.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери БУУнун Баңгизат менен күрөшүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен тыгыз кызматташтыкта Чолпон-Ата шаарындагы туристтик милиция кызматкерлерине жана эс алуу үйлөрүнө адам сатуу көйгөйү тууралуу билимин жогорулатуу максатында тренинг өткөрүштү.

Тренингдин жүрүшүндө төмөнкү багыттар боюнча презентациялар өткөрүлдү:

  • эс алуу мезгилинде адамдын негизги жана конкреттүү укуктарын жана эркиндиктерин, чет өлкөлүк жарандардын укуктарын түшүнүү жана урматтоо;
  • дискриминацияны жана адилетсиз мамилени болтурбоо ыкмалары;
  • туристтер жана эс алуучулар, анын ичинде калктын аярлуу катмарына киргендер менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү.

Туристтик милициянын жана пансионаттардын кызматкерлерине Акыйкатчы институтунун 115 ишеним телефонунун номерлери берилди.

БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү үчүн кызматкерлердин эмгек укуктарын урматтоо жана адам сатуунун алдын алуу боюнча сессия өткөрдү.
БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы түнкү нөөмөттө иштеген жашы жете электердин жана өзгөчө кооптуу шарттарда иштегендердин укуктары бузулушу мүмкүн экенин белгиледи.

Мындан тышкары, бул сессияларда адам сатуунун негизги концепциялары, анын алдын алуу чаралары, атап айтканда, мыйзамдарды өркүндөтүү, адамдарды сатуунун тобокелдиктери жана ыкмалары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, маалымат алмашуу жана тиешелүү бөлүмдөрдүн ортосундагы аракеттерди координациялоо сыяктуу маселелер талкууланды.

Ошону менен катары эле, жабырлануучуга жардам көрсөтүү механизми талкууланып, зарыл юридикалык, медициналык, психологиялык жардам көрсөтүү, калыбына келтирүү жана реинтеграциялоо программалары каралды.
БУУ БКБнын колдоосу менен «115 ишеним телефону» деген жазуусу бар 1 миң көрнөк даярдалган.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх