Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аламүдүн районунда социалдык кызматтар боюнча "Бирдиктүү терезе" ачылды

Бирдиктүү терезе коомдук кабылдама, жеке ассистенттер жана балдарды коргоо кызматтары боюнча бөлүнгөн

Аламүдүн районунда социалдык кызматтар боюнча "Бирдиктүү терезе" ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу катышты. Социалдык кызматтарга тез жетүүнү камсыз кылган "Бирдиктүү терезе" Аламүдүн райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында ачылды.

Министрдин орун басарынын айтымында, "Бирдиктүү терезе" жарандарга керектүү маалыматты жана эмгек жана социалдык камсыздоо жаатындагы мамлекеттик кызматтарды ыкчам бир жерден алууга мүмкүндүк берет.

"Бирдиктүү терезе" коомдук кабылдама, жеке ассистенттер жана балдарды коргоо кызматтары боюнча бөлүнгөн", – деди ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх