Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жыл башынан бери жарылуу коркунучу бар 65 көл текшерилди – ӨКМ

"Биз бардык изилдөөлөрдү жүргүзүп, божомолдорду таратабыз"

Быйыл биринчи же экинчи даражадагы жарылуу коркунучуна кирген 65 көлгө изилдөөлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жана болжолдоо департаментинин директору Даурбек Сакиев билдирди.

"Бул көлдөр боюнча жер үстүнөн изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Бардык маалыматтар бар, кырдаал көзөмөлдө", - деп ишендирди ал.

Сакыбаев Зындан көлү тууралуу айтып жатып, спутниктен алынган сүрөттөрдүн негизинде бардык чаралар көрүлүп, жергиликтүү бийликке эскертүүлөр берилгенин белгиледи.

"Биз эскертип, элди эвакуациялап, курмандыктардын алдын алдык жана бардык чаралар көрүлдү. Биз бардык изилдөөлөрдү жүргүзүп, божомолдорду таратабыз. Бирок, кырсык кайсы убакта жана канчалык деңгээлде болоорун так айта албайбыз. Бул үчүн кошумча жабдуулар жана аспаптар керек", - деди ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх