Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 30-31-августта унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилет

Бишкекте 31-августта Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт

Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, Бишкекте 31-августта Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

30-август күнү майрамдык даярдыктарга байланыштуу Чыңгыз Айтматов проспектисинде автоунаалардын кыймылына маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр коюлат.

Ал эми 31-августта Жибек-Жолу, Манас проспектилеринин, Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө да унааларга чектөөлөр киргизилет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх