Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР УКМК: Аянты 17,7 гектар, баасы 1 млрд. 953 млн. сомдук стратегиялык объект мамлекетке кайтарылды

Жыйынтыгында Бишкек шаардык сотунун чечими менен бүтүндөй өнөр жай комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды

УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында завод жана ага жанаша жайгашкан 16,05 га жана 1,2 га стратегиялык маанидеги объекттерди (өнөр жай карьерин) белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган стратегиялык объект жана ага жанаша жайгашкан жер тилкелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен 2004-жылы "Кум-Шагыл" ЖАК жеке ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз берилгени такталды.

https://t.me/Vesti_Kyrgyzstan/13354


Белгиленген өндүрүштүк комплекс өзүнө жеке сапаттарга ээ болгон шагыл, майдаланган таш ж.б. казуу боюнча карьерди, ошондой эле көрсөтүлгөн чийки заттан жасалган жогорку сапаттагы курулуш материалдар заводун камтыйт, буга байланыштуу жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында наркы 1 млрд. 953 млн. сомду түзгөн аталган 17,7 га жер тилкеси мамлекеттин пайдасына алынды.
Белгилей кетсек, 20 жыл ичинде бул стратегиялык объект жеке адамдарга олуттуу киреше алып келсе, мамлекет дээрлик эч нерсе алган эмес.
Жыйынтыгында Бишкек шаардык сотунун чечими менен бүтүндөй өнөр жай комплекси жана ага чектеш аймактар мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Мындан тышкары, козголгон кылмыш ишинин алкагында негизги фигурантка эл аралык издөө жарыяланды.
Учурда КР УКМК бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө, ошондой эле мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүүнүн башка фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх