Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Издөөдөгү УКТ лидери Салимбай Абдувалиевдин тарапташы кармалды

 Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти

Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салимбай Абдувалиевдин (Салим-бойвоча) тарапташы Кыргызстандын жараны М.М.М. кармалды.

Атайын кызмат өлкөдө уюшкан топтор менен күрөшүү, аларды каржылоо, ошондой эле кылмыштуулукка тиешеси бар адамдардын ишмердүүлүнө бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

УКМК тарабынан "Кылмыштардын бириктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган материалдын негизинде 1956-жылы туулган Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарыныны тургуну М.М.М. аттуу КР жараны кармалды.

Кармалган жаран УКМК органдары тарабынан буга чейин издөө жарыяланган Өзбекстан өлкөсүндөгү уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салим Абдувалиев (каймана аты Салим-бойвоча) менен жана буга чейинки КР УКМК тарабынан кармалган 1978-жылы туулган З.Э.Т. менен биргеликте Ташкент шаарында жолугуусу маалым болгон.

Жүргүзүлгөн тиешелүү тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, кармалган жаран УКТнын идеалогиясынан баш тартып, КР мыйзамдарына баш ийүүсүн билдирген.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх