Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жакында Нарын районунда ири бетон заводу ишке киргизилет

Нарын районунда ири көлөмдөгү бетон заводу курулуп жатат

Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жеке ишкер тарабынан курулуп жаткан аталган заводдун курулуш иши менен таанышты.

Жеке ишкер Акмат Кудайбергеновдун айтымында, таш майдалап, саатына 180 тонна шагыл даярдоочу завод 20-сентябрда ишке кирээри күтүлүүдө. Ал эми саатына 70-80 куб бетон аралашмасын чыгара турган завод октябрь айынын аягында пайдаланууга берилип калат.

Бул завод толугу менен ишке кирсе Нарын шаарындагы бардык курулуш обьектилерин сырье менен камсыздай алат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх