Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дохада кыргыз-катар кызматташтыгын бекемдөөнүн келечеги талкууланды

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти

Күн мурун Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев "Катар өнүктүрүү фондунун" башкы директорунун туруктуу милдетин аткаруучу Султан Ахмад Аль-Асирий менен жолукту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөнүн келечегин жана Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде катар тарап Кыргызстанда "Бишкек медициналык тез жардам ооруканасынын" кошумча имаратын куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна жакынкы келечекте кол коюууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар пландарды мындан ары ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.
Катар өнүктүрүү фонду – жакырчылыкты жоюуга, саламаттыкты сактоо кызматтарын жана билим берүү системаларын чыңдоого, экономикалык өнүгүүнү колдоого, гуманитардык жардамды мобилизациялоого жана климаттын өзгөрүүсүнө коомчулуктун туруктуулугун жогорулатууга багытталган мамлекеттик өнүктүрүү органы катары саналат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх