Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад шаарында жаңыдан асфальтталган эки көчө пайдаланууга берилди

Бүгүн Жалал-Абад шаарында жаңыдан асфальт төшөлгөн Розы Азимов жана Султан Ибраимов көчөлөрү ачылды

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Бул жолдор Жалал-Абад шаарынын ички көчөлөрү болуп саналат. Алар кеңейтилип, жаңыдан асфальт төшөлүп, тийиштүү жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери аткарылды. Учурда Азимов көчөсүн асфальттоо иштери аяктап, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки четин куруу иштери улантылууда. Мында 3 чакырымга жакын асфальт төшөлүп, туурасы 6 метрден 14 метрге кеңейтилген. Жолдун четиндеги мыйзамсыз курулуштар буздурулуп, ирээтке келтирилген. Каражат мамлекеттик казынадан бөлүнгөн.

Ачылышта сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев катышуучуларга президенттин жылуу саламын жеткирүү менен Эгемендүүлүк жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктады.

"Өлкөбүздө тынчтык жана өнүгүү болушуна болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Эли-журтубуздун жыргалчылыгы үчүн зарыл болгон инфраструктурларды куруу иштери мындан ары да активдүү улантылат.

Калкыбызды турак жай менен камсыз кылууга өзгөчө басым жасалып жатат. Быйыл Жалал-Абад шаарында 1500 үй бүлөгө мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан курулуп жаткан батирлер тапшырылат. Келээрки жылы дагы батирлер тапшырылып, жалпы 10 миң үй-бүлө үйлүү болот. Ушундай эле батирлер өлкөбүздүн бардык аймактарында курулуп жатат. Ош шаарында 10 миң, Баткен шаарында 5 миң кишиге ипотекалык турак жайлар жакынкы бир жыл ичинде курулуп бүткөрүү пландалган. Бул курулуштарга акчаны биз коррупцияга каршы күрөшүүдөн таптык", - деди ал

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх