Ош шаарында дагы бир көчө толук оңдоодон өттү
Жолдун туурасы 19 метрге чейин кеңейтилген
Ош шаарында Т.Турсунбаева көчөсү жаңы темир жол өткөөлүнөн (Зухра кафесинин жаны) И.Раззаков көчөсү менен кесилишкен жерге чейин толук оңдоодон өттү.
Мэриядан билдиришкендей, аталган көчө унаалардын каттамы үчүн бүгүн ачылат.
Белгиленгендей, жолдун туурасы 19 метрге чейин кеңейтилген.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз