Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте үй тибиндеги эки бала бакча ачылды

Бишкек шаарынын мэриясы ар бир каалоочу белгиленген тартипте үй тибиндеги бала бакчаларды ача алат деп билдирет

Бишкек шаарынын райондорунда үй тибиндеги бала бакчалар ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында Свердлов районунун аймагында 2 бала бакча, Сүйүмбаев көчөсү, 6 дарегинде "Алим Абас" бала бакчасы жана Ай-Көл конушунда "Айкөл бала бакчасы ачылды.

Аталган бала бакчанын ачылышына ата-энелер жана балдар чакырылган. Салтанат майрамдык шоу-программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, программа министрлер кабинетинин токтомунун негизинде "Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу" долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Бала бакчаларда балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн, ал эми алардын ачылышы шаардыктарды жаңы жумуш орундары менен камсыз кылды.

Бишкек шаарынын мэриясы ар бир каалоочу белгиленген тартипте үй тибиндеги бала бакчаларды ача алат деп билдирет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх