Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент күрөш боюнча дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген жаш балбандар менен жолугушту

Садыр Жапаров дегеле быйыл Кыргызстандын спортчулары үчүн жемиштүү жыл болгонуна баса белгилеп өттү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-сентябрда, “Ынтымак ордодо” өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта (U17) байгелүү орундарды ээлеген жаш балбандар менен жолугушту.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаш балбандар Кыргызстандын Эгемендик майрамын жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын салтанаттуу белгилөөнүн алдында жалпы кыргыз элине жакшынакай белек тартуулаганын айтты.

Садыр Жапаров дегеле быйыл Кыргызстандын спортчулары үчүн жемиштүү жыл болгонуна баса белгилеп өттү. Парижде өткөн 33-Жайкы олимпиада оюндарында кыргызстандыктар 6 медаль утуп, кыргыз спортунун тарых барагын жаңыртышты.

“Мунун өзү - өлкөбүз үчүн чоң сыймык жана чоң жетишкендик десек болот! Акыркы жылдары кыргыз спортчулары өлкө намысын татыктуу коргоо менен көптөгөн ийгиликтерге жетишип, Кыргызстандын кызыл туусун бийик желбиретип келе жатышат”, - деди президент. Мына ошол Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкендиктери дем-күч болду деген оюн билдирди, анткени Иорданияда өткөн дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча Курстанбек Исаков, Өмүрбек Асан уулу, Рустамжан Кахаров алтын медалга ээ болушса, Марлен Абдраимов коло медалдын ээси болду. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Кутман Калбаев күмүш медаль, Бекжан Бейшембаев коло медаль жеңип алышты.

“Өлкө намысын коргогон эр-азаматтар килем үстүндө кара күчүнө шай келген чеберчилигин гана көрсөтүшпөстөн, кыргыздын айкөлдүгүн дагы дүйнө жүзүнө даңазаладыңар десек жаңылышпайбыз. Катуу мертинип калган атаандашына кол сунуп, килемден көтөрүп чыккан Өмүрбек уулубуз адамгерчиликтин жеткен чеги, жөнөкөйлүк жана кыргыз пейили кандай болорун айгинеледи.

Чынында эле биздин балбандарыбыз атаандашын алып тынмайынча жазбаган көктүк мүнөз менен күрөшөт. Керемет ыкмалар менен атаандашынын далысын жер жыттатып, көрүп жаткан күйөрмандардын көөнүнө толот. Анан “мен уттум!” деп айгай салбай, жеңишин кыргыз элине, Ата Мекенине арнашат”, - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы мындай көкжалдык, атаандашын сыйлай билгендик - Айкөл Манас атабыздан калган асыл сапаттар, деп белгиледи.

“Мына ошондуктан силерге, урматтуу жаш балбандар, спорт аркылуу өлкөбүздүн дүйнө айдыңындагы кадыр-баркын көтөрүп жатканыңарга өзүмдүн жана жалпы кыргызстандыктардын атынан терең ыраазычылыгымды билдирем. Албетте, “Кыргыз элинин бир ууч топурагына жараган, Кыргызстандын бир ыптасын чойгон уулдардан болсо экен” деп тарбиялаган ата-энелериңерге ыракмат. Ошондой эле талантын байкап, жөндөмүн баалап, таптап жүрүп олтуруп, чоң мелдештерге салган машыктыруучулар Азат Мирахимов менен Дастан Муктаровдун да эмгеги зор. Сиздерге да терең ыраазычылык билдирем”, - деп белгиледи президент.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы спортчуларды ар кандай чөйрөлөргө, криминалдарга, саясий оюндарга аралашпоого чакырды.

“Мына ушул жерден жалпы Кыргызстандын жаштарына кайрылгым келет. Спорт менен машыккыла. Спорт – ден-соолуктун булагы, спорт – дүйнөнүн элчиси деп бекер айтылган эмес. Албетте, билимди да биринчи орунга койгула. Ар кандай ою жаман топторго жетеленип кетпегиле.

Кыргыздын тайманбас эр-азамат уулдары катары кыйынчылыктардын баарын жеңип, кийинки Олимпиада оюндарында кызыл байрагыбызды бийик желбиретүүгө даярданышыңарды талап кылам. Анткени силер - кыргыз спортунун келечегисиңер, кыргыз элинин үмүтүсүңөр!” – деп, президент Садыр Жапаров алдыдагы Олимпиада оюндарында кыргыз элинин намысын коргоо менен чемпион болушун каалады.

Андан соң мамлекет башчысы дүйнө чемпионатынын байге ээлерине жана алардын машыктыруучуларына акчалай сертификаттарды тапшырды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх