Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон кармануу керек – Аскат Алагөзов

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында 5-сентябрда кеңешме өтүп, анда “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланган

Дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон кармануу керек. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анда ал динге карата айтылган чагымчыл билдирүүлөрдү таратууну, сурамжылоолорду жасоону токтотуу керектигин белгиледи.

“Дин маселеси өтө сезимтал. Мындай бурмалоолорго жол берүү “от менен ойногонго” тете. Биринчиден, өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы жонунан жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “даваатка каршы” деп атоо туура эмес. Экинчиден, мыйзам долбоорун дин чөйрөсүндө мыкты түшүнүгү, илими бар аалымдар күн алыс чогулуп кеңири талкуулап өздөрүнүн сунуштарын беришүүдө. Андыктан коомчулукту дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырам”, - деди Аскат Алагөзов.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында 5-сентябрда кеңешме өтүп, анда “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланган. Мамлекет башчысы аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарларынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин айтып, айрыкча дин тармагындагы таанымал аалымдарды коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна сунуштарды активдүү берүүгө чакырган. Ошондой эле аталган мыйзамдын долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилери белгилүү болгон.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх