Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандагы 12 кесиптик лицейдин директорунун кызмат ордуна сынак жарыяланды

Сынакка документтерди кабыл алуу 9-сентябрдан 20-сентябрга чейин созулат

Билим берүү жана илим министрлиги 12 кесиптик лицейдин директорунун бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялады.

Маалыматка ылайык, сынакка документтерди кабыл алуу 9-сентябрдан 20-сентябрга чейин созулат.

Бош кызмат орундары бар лицейлердин тизмеси:
1. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы №106 кесиптик лицейи;
2. Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы №7 кесиптик окуу жайы;
3. Талас облусунун Манас районуна караштуу Көк-Дөбө айылындагы №51 кесиптик лицейи;
4. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Тоо айылындагы №15 кесиптик лицейи;
5. Жалал-Абад шаарындагы №3 кесиптик окуу жайы;
6. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жар-Кыштак айылындагы №60 кесиптик лицейи;
7. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы №69 кесиптик лицейи;
8. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жангак шаарындагы № 71 кесиптик лицейи;
9. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №76 кесиптик лицейи;
10. Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шамалды-Сай айылындагы №108 кесиптик лицейи;
11. Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылындагы №44 кесиптик лицейи;
12. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылындагы №31 кесиптик лицейи.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх