Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды

Үч айлыктын жыйынтыгы боюнча салтанаттуу иш-чара 2024-жылдын 12-декабрында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өткөрүлөт

Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо буйругу чыкты.

Ведомстводон маалымдашкандай, мындай чечим "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата кабыл алынган.

Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык билим берүү уюмдарында 2024-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрына чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланып, 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү бардык билим берүү уюмдарында салтанаттуу белгиленет.

Мындан сырткары билим берүү уюмдарынын (мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү) жетекчилери мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата ички иш-чаралар планын иштеп чыгып, аткарууга алат.

Үч айлыктын жыйынтыгы боюнча салтанаттуу иш-чара 2024-жылдын 12-декабрында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өткөрүлөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх