Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ишинде ийгилик жараткан инсандарга Жогорку Кеңештин сыйлыктары тапшырылды

"Башкаларга үлгү болгон сиздердей замандаштарыбыз менен ар дайым сыймыктанабыз”

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев билим берүү, медицина, маданият, укук коргоо, сот тутуму, айыл-чарба жана башка тармактардын өкүлдөрүнө жана айрым мамлекеттик кызматкерлерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын жана "Жогорку Кеңешке 85 жыл" маарекелик медалдарын ыйгарды.

Сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев өлкөнүн экономикалык-социалдык өнүгүшүн камсыздоодогу мамлекеттик саясат тууралуу кеп кылып, мында өз тармактарында ийгилик жараткан инсандардын салымы чоң экенин белгиледи.

“Ар бир инсан өз ишинде ийгилик жаратуу аркылуу өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошсо, Кыргызстан кыска убакыт аралыгында эле өнүккөн мамлекетке айланары анык. Андыктан, кылган кызматы жана жасаган иши менен башкаларга үлгү болгон сиздердей замандаштарыбыз менен ар дайым сыймыктанабыз”, – деди төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх