Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин 4 көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады

Эки көчөнүн тротуарын, дагы эки көчөнүн жолун капиталдык оңдоо иштери жыйынтыкталды

Бишкек шаарынын 4 көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эки көчөнүн тротуарын, дагы эки көчөнүн жолун капиталдык оңдоо иштери жыйынтыкталды.

Раззаков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Баетов көчөсүнө чейин жана Баетов көчөсү Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Мындан тышкары, Фрунзе көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейин жолдун түндүк тарабында жана Шопоков көчөсүндө Жумабек көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин жолдун батыш тарабында тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх