Салттар менен достуктун ортосундагы көпүрө
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боордош элдердин ортосундагы мамилелерди бекемдейт
2024-жылдын 8-сентябрынан 13-сентябрына чейин Казакстандын борбору Астана шаарында этникалык спорттун түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештер - V-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп өттү. Алардын негизин тарыхый көчмөн өлкөлөрүнүн улуттук оюндары түзөт. Жалпысынан Көчмөндөр оюндарында 21 мелдеш өткөрүлүп, алардын айрымдары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.
XXI-кылымдын негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири болуп глобалдашуу жана ар кайсы өлкөлөрдүн коомдорунун маданий чөйрөсүн стандартташтыруу болуп саналат. Стандартташтыруудагы кемчиликтердин бири – маданий көп түрдүүлүктүн, демек, улуттук өзгөчөлүктүн алсыроосу. Ар бир этностун негизин түзгөн баалуулуктардын, салттардын жана үрп-адаттардын жыйындысы маданият болгондуктан, анын тарыхый өзгөчөлүгүн сактап калуу өтө маанилүү. Мындай шарттарда көчмөндөр оюндары элдердин оригиналдуулугун жана өзгөчөлүгүн сактап калууга мүмкүндүк берет.
Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү жана жаратуучусу болуп эсептелинет. Кыргыз Республикасынын бул эл аралык ири долбоору азыркы замандагы тарыхый мурастын жана улуттук өзгөчөлүктүн аралына айланды.
Оюндардын негизин спорт түзөт, бул көчмөн элдердин этномаданиятын жандандырууга жана өнүктүрүүгө, ошондой эле салттуу мелдештерди жайылтууга жана түрк мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерди чыңдоого мүмкүндүк берип келе жатат.
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын концепциясын сунуштаган. Идеяны дароо эле көчмөн тарыхтуу башка мамлекеттер – Казакстан Республикасы, Азербайжан Республикасы, Түркия Республикасы колдошкон.
Идеядан кийинки ишке ашырууга чейинки жол эки жылга созулду. Ал эми 2014-жылы сентябрда Чолпон-Ата шаарында тарыхта биринчи жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн. Ал мелдештерге 583 спортчу катышкан. Спорттун 10 түрү боюнча 30 комплект медаль ойнотулган.
Оюндар башынан эле спорт менен гана чектелбестен, алардын айланасында бүтүндөй этникалык чөйрө курулуп, анын ичинде көчмөнчүлүккө байланыштуу маданий, эс алуу жана билим берүү иш-чаралары уюштурулган.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында экология жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери да четте калган жок. Туруктуу өнүгүү принциптерин камтыган көчмөн эл жаратылышты урматтап, анын мыйзамдарын түшүнүп, анын ресурстарын кылдаттык менен колдонушкан.
Эки жылдан кийин 2016-жылдын 3-сентябрынан 8-сентябрына чейин ушул эле жерде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн. Спорттун, спортчулардын жана өлкөлөрдүн саны эки эседен ашык өсүп – 62 өлкөдөн 1200 спортчу. спорттун 26 түрү боюнча күч сынашкан. Мелдешти жарым миллиарддан ашык көрүүчү көргөн.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргызстанда өткөн. Спорттун, катышуучулардын жана өлкөлөрдүн өсүшү жакшы салтка айланып – 2018-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде 80 өлкөдөн үч миңге жакын спортчу спорттун 37 түрү боюнча күч сынашкан.
Ошентип, алты жылдын ичинде эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары идеядан дүйнөдөгү эң ири этноспорттук иш-чарага айланды. Мунун баары Кыргызстандын сиңирген зор эмгеги. Республика маданий көп түрдүүлүктү сактоонун маанилүүлүгүн бүткүл дүйнөгө жеткирүүгө гана эмес, бүтүндөй этносалттуу дүйнөлүк деңгээлдеги маданий жана спорттук кыймылды түзүүгө жетишти.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биринчи жолу Кыргызстандан тышкаркы жерде өткөн. 2022-жылдын сентябрынын аягында - октябрдын башында, COVID-19 эпидемиясынан улам болгон тыныгуудан кийин, Түркиянын Изник шаарында жүздөн ашуун өлкөнүн спортчулары кездешишкен. Оюндар аяктаган соң, жабылыш аземинде Казакстан кийинки мелдештердин эстафетасын алган.
Бир тууган республика оюндарды быйыл күздө, 2024-жылдын сентябрында өткөрдү. Бүткүл дүйнөлүк этноспорт коомчулугунун көңүлү анын курамында турган Астанага бурулду.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 89 өлкөнүн өкүлдөрү медалдар үчүн ат салышты.
Кыргызстан – Түркия – Казакстан ырааттуулугу кокусунан жана символикалык эмес. Кыргызстан менен Казакстан үчүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары чындыгында дагы бир интеграциялык бирикме. Идея жана анын кийинчерээк ишке ашырылышы эки тараптуу байланыштардын бардык спектринде көп кырдуу өз ара аракеттенүү менен мүнөздөлгөн кыргыз-казак достук жана союздаштык мамилелерине кошумча дем берди.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү ырааттуулуктан тышкары, мамлекеттер Түрк мамлекеттери уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Евразия экономикалык биримдиги, Жамааттык коопсуздук келишими уюму, “Борбор Азия+” форматы аркылуу биргелешип иш алып барууда.
Мамлекеттер транспорт, суу-энергетика, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык тармактарында кызматташып, жогорку деңгээлдеги туруктуу байланышта болуп келишет.
Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов: “Дос кырсыкта билинет делет, менин оюмча, бакытта да билинет” деп жазган.
Боордош өлкөлөр бир эмес, бир нече жолу оор сыноодон өткөн жана бири-бирине дайыма жардамга келишкен. Бири-бирибиздин ийгиликтерибизге кубанып келгенбиз. Коронавирустук пандемия учурунда казак эли кыргыздарга жасалма дем алдыруучу аппараттарды, медициналык беткаптарды жана QazVac вакциналарын жөнөткөн. Оюндар жөн гана идея болуп турганда Казакстан биринчилерден болуп аларды өткөрүүгө колдоо көрсөткөн.
Кыргызстандын демилгеси менен өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөлүк масштабдагы тарыхый окуяга айланды. Алар Бишкек менен Астананын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетип, эки бир тууган элдин биримдигин жана ынтымагын символдоду. Муну Казакстандын президенти К.Ж. Токаевдин мындан 10 жыл мурун биринчи жолу бул мелдештерди уюштурган боордош кыргыздарга айткан сөздөрү да тастыктайт.