Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери №1 тергөө абагынын кармоо шарттары менен таанышышты

Ал тергөө абагында кармалып турган Жоомарт Карабаевден кабар алышты

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери №1 тергөө абагынын кармоо шарттары менен таанышышты

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери 20-сентябрда №1 тергөө абагына барып, кармоо шарттарына мониторинг жүргүзүп келишти. Буга чейин, Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кысымга кабылып жатканы тууралуу жазган каты соц тармактарга таркаган.

Мониторинг учурунда, Акыйкатчы институнун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Жоомарт Карабаевден кабар алышты. Карабаев Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кат жолдоп, тергөө иштеринин жүрүшүндө укуктары бузулуп жатканын билдирип, укуктук жардам берүүнү суранды. Анын айтымында тергөө учурунда, ага күч колдонулган.

Карабаев №1 тергөө абагынын кармоо шарттарына даттанган эмес. Тергөө абагында, Жоомарт Карабаев менен чогуу 7 киши кармалып турат. Ал, эки жарым айдан бери камакта жатат. Акыйкатчы Институту Башкы прокуратурага Жоомарт Карабаевдин арызы боюнча териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чечим кабыл алууга чакырып кайрылды.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды тергөө абагында отургандардын укуктарын камсыздоого зарыл болгон чараларды кабыл алууга, жана алардын ишин тыкыр иликтөөгө чакырат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх