Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад шаарында үч миң орундуу “Достук” мечити ачылды

Курулушка "Ас-Санабил" кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылган 

Күн мурун Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкармалыгында үч миң орундуу курулган “Достук” мечитинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Бүткүл дүйнөлүк Ислам жаштары ассамблеямынын Кыргызстандагы өкүлү, "Ас-Санабил" кайрымдуулук фондунун башчысы Саид Баюми, жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары катышты.

Облус башчысы мечит - ислам дининин чыныгы баалуулуктарын тааныган, биримдикти жана боордоштукту бекемдеген, жаштардын жүрөгүнө тынчтык орнотуучу өзгөчө жай болооруна ишеним артты.

Ошондой эле курулушка демөөрчүлүк кылган "Ас-Санабил" кайрымдуулук фондунун башчысы Саид Баюмиге ыраазычылык билдирип, жергиликтүү жамаатардын кошкон салымын да баса белгиледи.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх