Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт

Тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт

26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрда жана 27-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 8…13°;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19° болот.
Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулука чейин, күндүз 3…8°, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…5° ка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх