Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин журналистика жаатындагы сыйлыгы: Эмгектерди кабыл алуу бир жумадан кийин аяктайт

Сыйлыкка катышуунун шарттары

Президенттин “ЖМК жана журналистика жаатындагы КР президентинин жылдык сыйлыгын белгилөө жөнүндө” жарлыгына ылайык, сынакка эмгектерди кабыл алуу уланууда.

Белгилей кетсек, сыйлыктын негизги максаты – илим, билим, медицина, маданият, спорт, экономика, экология, туризм, айыл чарба, өнөр жай тармактарында эмгектенген журналисттердин чыгармачылык ишмердүүлүгүн колдоо жана жетишкендиктерин баалоо. Сыйлык ошондой эле ар кандай тармактарда чыгармачылык активдүүлүккө стимул берет.

Сыйлыкка катышуунун шарттары:

Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.
Бир катышуучу үч категориядан ашык эмес арыз бере алат.
Сынакка берилген материалдарга карата автордук жана чектеш укуктардын сакталышы үчүн жоопкерчилик толугу менен сыйлыкка арыз берген катышуучуларга жүктөлөт.

Материалдар үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 1-октябрына чейин жарыяланууга тийиш.
2024-жылы сынакка сунушталган иштер Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук дареги боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин электрондук түрдө кабыл алынат.

Сыйлыктын лауреаттарын жарыялоо Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган расмий иш-чарада, бардык номинанттарды чакыруу менен салтанаттуу өткөрүлөт.

Номинациялар:

“Бир эл – бир түндүк”
"Керемет Кыргызстан"
“Салык – Өнүгүүгө салым”
"Таза Мекен"
"Билим – келечек"
"Куттуу элет"
"Мекен жана мен"
"Мекендештер"
"Кыргызстанда чыгарылган (Made in KG)"
"Сергек жашоо"

Эскерте кетсек, сынактык иштерди кабыл алуунун аякташына 7 күн калды.

Сыйлыкка арыз берген катышуучулар тастыктаманы 0312 557315 телефону аркылуу алышы керек; 0550 739 550; 0558 581 258.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх