Кыргызстандын жоокерлери Казакстанга “Бузулбас боордоштук-2024” машыгуусуна жөнөп кетти
Машыгуу 28-сентябрдан 5-октябрга чейин “Берег” полигонунда өтөт
Бүгүн 30670 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары “Бузулбас боордоштук-2024” машыгуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти.
Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, жоокерлер Казакстанда өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтыкты орнотуучу күчтөрү менен биргеликте өтүүчү командалык-штабдык машыгууга катышат.
Машыгуу 28-сентябрдан 5-октябрга чейин “Берег” полигонунда өтөт.
Эске салсак, “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгуусу былтыр Кыргызстанда өткөн.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз