Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бугун Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Саат 9:00дөн 21:00гө чейин  чектелген аймакта суу өчүрүлөт

Бугун 26-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Тоголок Молдо" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу 26-сентябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт:

Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү — темир жол линиясы.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх