Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Кыргызстандын жаштар курамасы Мьянманы жеңди

 Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын курамасы 2:0 эсебинде оюнду жыйынтыктады

25-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда жаштар арасында 2025-жылы өтө турган Азия кубогуна тандап алуу оюндары старт алып, Кыргызстан курамасы алгачкы беттешинде Мьянма менен кез келди.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттештин алгачкы бөлүгүнүн 17 мүнөтүндө эсеп санын Байбол Эрмеков ачты. Ал эми 37-мүнөттө Ырыскелди Маданов дагы бир гол киргизип командасын алдыга алып чыкты.

Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын курамасы 2:0 эсебинде оюнду жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, ушул эле тайпада Япония менен Түркмөнстан ойноп, япондор да 2:0 эсебинде атаандашын жеңген. 27-сентябрда Кыргызстан Түркмөнстан менен ойнойт.

Тандап алуу оюндарына жалпы 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген алты курама жолдомо алышат. Биздин курама «I» тайпасында Мьянма, Түркмөнстан жана Япония курамалары менен бирге жайгашкан.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх