Абсаттар Сыргабаев Пекинде Транспорт боюнча глобалдык форумда сөз сүйлөдү
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайдын Пекин шаарында өтүп жаткан Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумда сөз сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу Борбор Азия чөлкөмү үчүн маанилүү долбоор. Ал эми 2024-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде "Бедел" өткөрүү пунктунун ачылышы эки өлкөнү байланыштырган үчүнчү транспорттук коридор", - деди Сыргабаев.
Министр ошондой эле транспорттун экологиялык түрлөрүн ыңгайлаштыруу жана ишке ашыруу зарылдыгын кошумчалады.
"Бул автомобиль жана темир жол транспортуна да тиешелүү", - деди ал.
Министр сөзүн жыйынтыктап жатып, Кыргызстан транспорт - логистика тармагында кызматташууну өнүктүрө турганын айтты.