Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Tunduk тиркемесинде эки жаңы кызмат ишке кирди – Санариптик өнүктүрүү министрлиги

Тиркемеде төмөнкү эки кызмат жеткиликтүү болот

Tunduk тиркемесинде эки жаңы кызмат ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми тиркемеде төмөнкү эки кызмат жеткиликтүү болот:

баланын катталгандыгы (катталган жери, прописка) тууралуу маалымкатты алуу;
балдар үчүн мүлккө ээлик кылуу/ээлебөө тууралуу маалымкатты онлайн тартипте алуу мүмкүн (мамлекеттик төлөм - 170 сом).
Кызматтар төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн санарипке өткөрүлгөн учурда гана жеткиликтүү. Эгерде бала тууралуу маалымат тиркемеде көрсөтүлбөсө, колдонуучулар "ЖААК документтерин санарипке өткөрүү" кызматын колдонуп, күбөлүктү санарипке өткөрө алышат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх