Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда оорукананын бөлүм башчысы системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды

Базар-Коргон райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун А.З.Ж. аттуу бөлүм башчысы кармалды

Жалал-Абад облусунда Базар-Коргон райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун бөлүм башчысы кармалды. 

УКМКнын дарегине Базар-Коргон районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда системалуу түрдө акча чогултуу боюнча Базар-Коргон районунун тургундарынан бир нече жолу даттануулар жана кайрылуулар келип түшкөн. Буга байланыштуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн ("Пара алуу") негизинде кылмыш иши козголуп, 2024-жылдын 25-сентябрында Базар-Коргон райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун А.З.Ж. аттуу бөлүм башчысы кармалды.

Тактап айтканда, шектүү эмгекке жарамсыздык баракчасын (ооруканалык) бергендиги үчүн, ошондой эле майыптыгынын тобун аныктоодо медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын оң корутундусун тездеткендиги үчүн жарандардан системалуу түрдө опузалап акча каражаттарын алгандыгы аныкталган.

А.З.Ж.нын мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун камерага жаздырылган.

Учурда кармалган жаранга карата анын жана башка кызмат адамдарынын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх