Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кызыл-Кыяда УКМКнын шаардык бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптар камсыз кылынган

Күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнө курулган жаңы имаратты пайдаланууга тапшырды.

Имараттын ачылыш аземине УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы, атайын кызматтын ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, бир катар талаптарды эскертти. "Бул жасалып жаткан шарттардын баары сиздердин так жана берилгендик менен кызмат кылууңар үчүн, өлкөбүздүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактооңор үчүн түзүлүп жатат. Ушуга жараша эми сиздер тараптан дагы жыйынтык болушу керек. Эч кандай мыйзамсыздыктарга барбашыңар керек жана башкаларды дагы мыйзамды бузушуна жол бербешиңиздер керек. Менин жакындарым болобу, үй-бүлөм мүчөлөрү болобу, эч кимиси менен сиздер телефон аркылуу дагы байланышып, же жолугушуп, алардын айтканын аткарып, аларга кызмат кылбашыңар керек. Эгер ушундай нерсени билип калсам, дароо кызматтык иликтөө кылып, жазаңарды беремин. Эгер менин жакындарым мыйзамды бузса, алар дагы жоопкерчилик тартат жана эч кимди аяп отурбаймын...", - деди Камчыбек Ташиев.

Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптар камсыз кылынган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх